Канат Шабданбеков: "Эң негатив жаңылыктар бизде экен..."
"Максатыбыз элге позитив тартуулоо",- дейт блогер Канат Шабданбеков SUPER.KG порталына маек берип жатып.
"Эң негатив жаңылыктар Кыргызстанда экен. Башка жакта болсо шоу-бизнес өз ордунда өнүгүп, блогерлер алдыга жылып жатат. А бизде бирөөнү чукумай, бирөөнү эзмей, бирөө жолдон баратып тайып калса аны куткарып калмай жок, чөгө бер деп калтырып коебуз. Ушунчалык деңгээлде негативге чөмүлүп кеттик. Биздин максатыбыз ошонун баарынан алаксытып, "биз жакшы жашоодо жашап жатабыз, адамдар күлүп жүрөт" деп ошону көрсөткүбүз келет", - дейт ал.
Каарманыбыз маектин жүрүшүндө жакында эле президентти таң калтырган видеосу, блогерлик жумушу, ошондой эле ата болуу сезимдери менен бөлүшүп, дагы башка кызыктуу темаларга токтолду. Толугу менен Ютуб каналыбыздан көрсөңүз болот.
