"Кир суу ичип жатабыз". Окурман таза суу көйгөйүнө даттанды
Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылды.
Ал аймактагы таза суу көйгөйүн айтып, бийлик өкүлдөрүнөн аталган маселени чечип берүүнү суранды.
Окурман жиберген видеодо крандан кир суу агып жатканын көрүүгө болот. Ал анда "кофе агып жатат деп ойлобогула - бул Кызыл-Суунун суусу. Ичкенге эмес, жуунга мүмкүн эмес болуп жатат" деген.
"Жолдордун баары казылып, кайра көмүлгөн. Жаан жаап өткөндөн кийин мындан дагы кир суу агат. Күнүмдүк колдонулган суубуз ушундай.
Айылдын жетекчилигине кайрылсак эч кандай реакция жок",- дейт тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Таза суу



