super.kg logo

WhatsAppка бузуп кирүүлөр көбөйдү: өзүңүздү кантип коргоп, аккаунтуңузга кирүү мүмкүнчүлүгүн кантип сактап калуу керек

 

Кыргызстанда WhatsApp аккаунттарын бузуу учурлары көбөйдү. Колдонуучулар мессенджерге кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп, шектүү билдирүүлөр жана коддорду киргизүү боюнча суроо-талаптар түшүп жатканына даттанышууда. Зыянкечтерден кантип сактануу керектигин Beeline Кыргызстан уюлдук оператору айтып берет.

Бузуу көйгөйү оператордун тармагына байланыштуу эмес — шылуундар жеке маалыматка жетүү үчүн мессенджердин өзүндөгү аялуу жерлерди колдонушат. Бирок аккаунтту коргоого жардам бере турган жөнөкөй жолдор бар:

  1. Эки факторлуу аутентификацияны иштетиңиз. WhatsApp жөндөөлөрүн ачып, "Купуялуулук" бөлүмүнө өтүп, "Текшерүүнү баштоо" баскычын басыңыз. "Аккаунтуңуз үчүн кошумча коргоо" бөлүмүндө эки кадамдуу текшерүүнү иштетип, PIN-код ойлоп таап, электрондук почтаңыздын дарегин кошуңуз.
  2. Купуялуулук текшерүүсүнөн өтүңүз. Ошол эле купуялуулук жөндөөлөрүндө "Кирүү ачкычтарын" тандаңыз. Бетти таануу, манжа изи же код-пароль аркылуу WhatsApp’ка коопсуз кирүүнү орнотуңуз. Системада сиздин электрондук дарегиңиз көрсөтүлгөнүн текшериңиз.
  3. Байланышкан түзмөктөрдү текшериңиз. WhatsApp менюсунан же жөндөөлөрүнөн "Байланышкан түзмөктөрдү" ачыңыз. Бардык тааныш эмес түзмөктөрдү жок кылыңыз.

Эгер WhatsApp’ка кире албасаңыз, бирок шектүү шилтемелерге өтпөсөңүз жана үчүнчү тараптын сайттарына сырсөздөрдү киргизбесеңиз, анда сиздин аккаунтуңуз бузулган эмес, убактылуу жеткиликсиз болушу мүмкүн. Бир аз күтө туруңуз, көбүнчө кирүү мүмкүнчүлүгү бир күндүн ичинде автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Эгер WhatsAppтан SMS-код келбесе, кайра сурам жөнөтүп көрүңүз.

Эч качан башкаларга каттоо кодуңузду жана эки кадамдуу текшерүүнүн PIN-кодун билдирүүгө болбой турганын унутпаңыз. Бул сиздин жеке маалыматыңыз.

Өз кезегинде, Beeline Кыргызстан өз кардарларынын маалыматтарын коргоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Компания киберкоопсуздуктун эң катаал нормаларына жооп берет жана ISO/IEC 27001 эл аралык сертификатына ээ. Бул компаниянын киберкоркунучтардан маалыматтарды ишенимдүү коргоону камсыздаганын тастыктаган дүйнө жүзү боюнча таанылган стандарт.

— Кардарлардын коопсуздугу биз үчүн биринчи орунда, — деп белгиледи Beeline Кыргызстандын башкы директору Андрей Пятахин. — Биз заманбап фаерволдорду колдонобуз, киберкоопсуздук жаатында ISO стандарттарын карманабыз жана ички экспертизаны тынымсыз өнүктүрөбүз. Бирок эстен чыгарбоо керек: коопсуздук жөнөкөй аракеттерден башталат. Сак болуңуз, жөнөкөй сунуштарды аткарыңыз жана эч кимге жеке коддоруңузду бербеңиз — ошондо сиздин маалыматтарыңыз ишенимдүү корголот.

Бул мүмкүн. Бул Beeline.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: