Ошто мамлекеттик бюджеттен 115 миллион сом уурдаган чиновниктер кармалышты





Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси баштаган бир нече кызматкерлер коррупцияга шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Ж.А., башкы инженер Т.Д., башкы эсепчи К.С. жана “С” ЖЧКсынын подряддык уюмунун жетекчиси А.К. "Кең-Сай" конушундагы жол, суу жана электр энергиясы менен камсыздоого тийиштүү болгон бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланып, уурдашкан.
Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн бюджеттен 657 миллион 045 миң 900 сом каралып, анын ичинен бүгүнкү күнгө карата келтирилген зыяндын суммасы 115 миллион 407 миң 828 сомду түзөт.
"Алар подряддык уюмдарга бөлүнгөн акча каражаттарын өз каалоосу боюнча пайдалангандыгы үчүн "откат" түрүндөгү сый акыларды системдүү түрдө алышкан, курулуш иштери атайылап белгисиз мөөнөттөргө создуктурулган, ал эми көрсөтүлгөн кызматтар жыйынтыгында сапатсыз жана өз убагында аткарылбаган же такыр эле ойдон чыгарылган себептер боюнча белгисиз мөөнөткө жылдырылган",- деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Тергөө уланууда.



