Антальяда токой өртү чыкты
Түркиянын Анталья облусуна караштуу Аксу, Муратпаша жана Манавгат райондорундагы токой зоналарында чыккан өрттөргө каршы иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Маалыматтарга караганда, аталган аймактардагы токойлор белгисиз себептерден улам күйө баштаган.
Өрт тууралуу билдирүүлөр түшкөндөн кийин, аймактарга 8 тик учак, 32 өрт өчүрүүчү унаа, 2 атайын техника жана 186 токой кызматкери тартылды. Мындан сырткары, Ички иштер министрлигине караштуу суу чачуучу ТОМ унаалары да жиберилди.
Аксу жана Муратпаша райондорунда өрт калктуу конуштарга жакын жайгашканы үчүн полиция элге коопсуздук тууралуу эскертүүлөрдү берип, жарандарды эвакуациялоо иштерин баштады.
Учурда өрттү көзөмөлгө алуу боюнча иш-аракеттер абадан жана жерден улантылып жатат.
