Жай, попкорн, Premier – алдыңкы катардагы сериалдарды акысыз көрөбүз
Кечти кантип өткөрүштү билбей жатасызбы? Азыркы тапта көпчүлүктүн назарын буруп жаткан сериалдардын жыйнагын сунуштайбыз. Эгер сиз «Переходи на О! Комбо» тарифине кошулган болсоңуз, анда алардын баары Premier онлайн-кинотеатрынан жеткиликтүү.
Premier – жөн эле кинотеатр эмес, бул – ордунан жылбай көрө турган белгилүү премьералардын чыныгы аянтчасы. Көрүүчүлөр жакшы көргөндөрдүн баарын: көздү албай көрө турган триллерлерди, комедияларды, мистикалык баяндарды жана курч сюжеттерди дал ушул жерден табасыз.
Быйылкы жайда эмнелерди көрсө болот:
- «Жвачка» – 90-жылдар, короо, достор, алгачкы сүйүү. Бир флакондо ностальгиянын жеңил флери менен улуу муундун чындыгы.
- «Эль Русо» – орус наркобарону Мексикада. Чыккынчылык, бийлик жана уламыштын баасы жөнүндө криминалдык сага.
- «Клипот» – каббала иликтөөгө кабылган мистикалык триллер. Сырлар жакында ачылат.
- «Прелесть» – блогинг менен сулуулук культу жөнүндө ирониялуу сатира. Ийгилик менен өзүн жоготуунун ортосунда чек кайда?
- «Сны Алисы» – түштөрү полицияга караганда кыйла көп нерсени айтып берген кыз жөнүндө кызыктуу детектив.
- «Эпидемия 2» – хиттин уландысы. Жаңы дүйнө, жаңы эрежелер, жаңы коркунучтар.
Баары мыкты сапатта, жарнамасыз жана смартфондон, планшеттен же ТВдан жеткиликтүү. «Мой О!» тиркемесинен «Переходи на О! Комбо» тарифин кошуп алып, акысыз комбо-опциялардын бири катары Premier кинотеатрын тандаңыз.
Мындан тышкары, төмөнкүлөргө ээ болосуз:
– О! түйүнүндө чексиздик,
– КР башка мобилдик түйүндөрүнө мүнөттөрдүн топтому,
– туруктуу интернет,
– тандоого акысыз эки комбо-опция: Premier, Wink, Etnomedia кинотеатрлары, O!TV, +40 ГБ, Яндекс Плюс катталуусу же Wi‑Fi акысыз таратуу.
Керек учурда опцияларды алмаштырыңыз жана өз комбинацияңызды кураңыз – «Мой О!» тиркемесинен баары ыңгайлуу.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16‑0062‑КР жана №16‑0063‑КР лицензиялары.

