Ошто мас айдоочуга протокол түзбөгөн патрулдук милициянын былыгы чыкты
Ош шаарында патрулдук милициянын инспектору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, ал 5-июлда рейд учурунда Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Унаанын айдоочусу мас абалында болуп, анын айдоочулук күбөлүгү (1 жылга ажыратылган) жана транспорттук каражаттын техникалык паспорту жок болгон.
Аталган мыйзам бузууларга карабастан, инспектор К.Т. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, наркологиялык борборго текшерүү үчүн мас айдоочунун ордуна, жүргүнчүсүн жиберген. Мындан улам экспертизанын жыйынтыгында чыныгы мыйзам бузган айдоочу жоопкерчиликтен бошотулган. Ошондой эле тиешелүү протоколдорду түзбөстөн унааны айдоочуга өткөрүп берген.
Учурда ички иликтөө жүргүзүлүп, испектор кармалды. Тергөө уланууда.



