Камбоджа Таиландды согуш кылмыштарына айыптады
Камбоджа Таиландды чек арадагы кагылышуулар учурунда согуш кылмыштарын жасады деп айыптады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Камбоджанын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыгышты.
"Бул агрессивдүү аракеттер ырайымсыз жана адамгерчиликсиз. Алар эл аралык мыйзамдарды бузууда", - деген министрликтин басма сөз катчысы, генерал-лейтенант Мали Сочхеата.
Ал Таиланд гуманитардык нормаларды сыйлабастыгын көрсөтүп жатканын кошумчалаган.
Айта кетсек, бейшембиге караган түнү Таиланд менен Камбоджанын чек арасында кагылышуу башталган. Таиландда Камбоджа менен чек арадагы куралдуу кагылышууларда кеминде 14 тургун жана 1 аскер каза болгонун билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.