"Ушул парк менен Ошту Ош кылабыз". Мэрди кейиткен гараждардын абалы (видео)
Ош шаарынын мэриясы калаада 2,5 гектар жерди ээлеген эски гараждардын ордуна эс алуу багы куруларын маалымдады.
Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 25-июлдагы таңкы рейддик кыдыруусунда Исанов көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу гараждар турган аймакка барган. Ал аталган жерде санитардык нормалар сакталбай, мал-жандыктар багылып, унаа оңдоочу жайга айланып, таштандыга толгонуна күбө болгон.
Андыктан Токторбаев аймакты тазалоо иштерин жүргүзүү, Жекелик каналынын жана Ак-Буура дарыясынын корук аймагын ачуу тапшырасын койгон.
"Карагылачы, кандай кооздукту жашырып жатабыз? Могу бактарды кыйбайбыз. Дагы кошумча бак отургузуш керек. Алгач бошотуп алалы. Ушул парк менен биз Ошту Ош кылабыз", - деди ал.
Калаа бийлиги буга чейин аталган гараждарды алып, жер аянтын бошотуу боюнча бир нече ирет эскертүү берилгени менен, ээлери тарабынан аткарылбаганын кошумчалады.
25.07.25.


