super.kg logo

Нарын шаарынын жаңы мэри ким? Ташиевдин айткан убадасы так аткарылдыбы?

 

Бүгүн, 25-июлда Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев кызматтан бошотулуп, анын ордуна Жайнак Немат уулу дайындалды. Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Немат уулуна акимдик кызматты убадалаган болчу.

Атайын кызматтын башчысы 22-июлда Ноокендин Масы айыл өкмөтүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирдин курулуш иштери менен таанышууга барган. Ташиев ал жактан акимдин биричи орун басары Жайнак Немат уулунан аталган кызматта 4 жылдан бери отурганын угуп таң калган.

"Же жакшы иштебейсиз, же сиздин колдоочуңуз жок кызматтан көтөрүлө албай жүрөсүз. 4 жыл биринчи орун басар болгондон кийин сөзсүз аким болуш керек... Жакшылап иштеңиз, сиз да аким болосуз", - деп Ташиев аны далыга таптаган.

Курулуш иштерин көрүп чыккандан кийин УКМКнын башчысы анын аты-жөнүн жаздырып алган.

"Сизди өлкөнүн түндүк тарабына аким кылып жөнөтөлү. Ошол жакка аким болуп иштеңиз. Азыр иштей турган акимдерди таппай жатабыз", - деген эле.






25.07.25.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: