УКМКнын Жалал-Абаддагы жыйынында бала бакчага байланыштуу 2 адам кармалды
УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгында 24-июль күнү жергиликтүү бийлик жана ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Анда УКМКнын өлкүлү Чаткал районунун Сумсар айылындагы бала бакча боюнча маалымат берди. Анын айтымында, объектти капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 21 миллион 212 миң сом бөлүнгөн. Оңдоо иштерин "Байсал Инвест" ЖЧКсы жүргүзгөн. Ал белгилегендей, иштер сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн мамлекетке 2 миллион 896 миң сом зыян келтирилген.
Маалымат менен таанышкан соң УКМКнын облустагы башкы башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Досмабетов аталган компаниянын башкы директору Мелис Рахматов менен ошол кезде Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болгон Махабат Көлбаеваны суракка алууну буйруду.



