Украина Сумы облусундагы экинчи айылды бошотту
Украинанын куралдуу күчтөрү Сумы облусундагы Кондратовка айылын орус аскерлеринен бошотушканын чет элдик басылмалар жазышты.
Кечээ, 25-июлда украиналык күчтөр айылдагы позицияларды тазалоо операциясын ийгиликтүү аякташкан. Бул Сумы облусундагы бошотулган экинчи айыл. Буга чейин орус аскерлери Андреевка айылынан сүрүлгөн. Салгылашууда орус тараптын үч батальону жана бир батальондун командири жок кылынганы айтылууда.
Эске салсак, 8-июлда Украинанын коргоо күчтөрү бир катар контрчабуулдарды жасап, Сумы облусунда алдыга жылганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.