Камбоджанын өкмөт башчысы Трамптын сунушу кабыл алынганын билдирди
Камбоджа менен Таиланд АКШ президенти Дональд Трамптын түздөн-түз ортомчулугу менен токтоосуз жана эч кандай шартсыз ок атышууну токтотууга макул болушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Камбоджанын премьер-министри Хун Манет социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, америкалык лидер жаңжал учурундагы адам жоготууларына катуу тынчсыздануусун билдирип, тынчтыкты жактай турганын ырастаган. Хун Манет АКШ президентинин дүйнө жүзү боюнча тынчтык аракеттеринде ортомчулук тажрыйбасы бар экенин белгиледи.
Буга чейин Трамп Таиланд менен Камбоджанын өкмөт башчылары ок атшууну токтотууга макул болушкандарын жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-07-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.