Кытайда Бэйлуо дарыясы ташып, сел жүрдү (видео)
Кытайдын Шэньси провинциясынын Вуки округунда 12 саатка созулган нөшөрлүү жаандан улам Бэйлуо дарыясында суу ташкыны жаралды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Суу ташкыны округдагы калктуу конуштардын көчөлөрүн жана негизги инфраструктураларын каптаган. Сел көпүрөлөрдү, унааларды агызган.
Селдин кесепетинен тургундар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Куткаруучулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери сууда калган адамдарды эвакуациялоо иштерин жүргүзүшкөн. Айрым аймактарда электр жана байланыш системалары иштен чыккан. Табигый кырсык олуттуу зыян алып келгени айтылууда.
27.07.25.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:9
2025-07-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.