Германияда жүргүнчү поезди кырсыкка учурап, бир нече адам каза болду
Кечээ, 27-июлда Германиянын Штутгарт шаарына жакын жайгашкан токойлуу аймакта жүргүнчү поезди кырсыкка учурады. Кеминде үч адам каза болуп, 50дөн ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя Зигмаринген–Ульм багытында болуп, поездде жалпысынан 100дөй жүргүнчү болгон.
Кырсыктын так себеби азырынча расмий түрдө аныктала элек.
Германиянын канцлери Фридрих Мерц X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Жергиликтүү куткаруу кызматынын жетекчиси Шарлотта Циллер билдиргендей, түндө кырсык болгон жерде куткаруу иштери толугу менен аяктады. Анын айтымында, вагондордун ичиндеги бардык адамдар сыртка чыгарылып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Улм шаардык полициясынын өкүлү Свен Франкен Reuters агенттигине билдиргендей, окуянын себебин аныктоо боюнча тергөө иштери түнү бою уланмакчы жана бул бир нече күнгө созулушу мүмкүн.
