super.kg logo

Трамп Евробиримдик менен соода келишимин түзгөнүн билдирди

 

Дональд Трамп АКШ Евробиримдик менен соода келишимин түзгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Шотландияда Евробиримдиктин башчысы Урсула фон дер Ляйен менен сүйлөшкөндөн кийин маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Евробиримдик америкалык энергоресурсту 750 миллиард долларга сатып алууга жана АКШ экономикасына кошумча 600 миллиард доллар инвестиция салууга макул болду. Ошондой эле Брюссель "абдан чоң көлөмдө" аскердик техника сатып аларын кошумчалады.

Бул келишим Евробиримдикке 1-августтан тарта Трамп коркуткан 30 пайыздык бажы төлөмдөрдөн кутулууга мүмкүнчүлүк берет. Келишимдин алкагында АКШ Евробиримдиктен келчү импорттун көпчүлүгүнө, анын ичинде автоунааларга да 15 пайыздык бажы төлөмүн киргизет. Буга чейин Евробиримдиктен АКШга келчү автоунаалар жана автотетиктер 25 пайыздык бажы төлөм менен келген.

Ал эми Брюссель америкалык экспорт үчүн рынокторду нөлдүк тариф менен ачат.

Келишимге кол коюлардын алдында Трамп Евробиримдик менен соодадагы теңсиздик жөнүндө айтып, бирикменин АКШга зыян келтирип жатканын билдирген.

"Европа бизге абдан жаман мамиле кылды. Алар биздин автоунааларды, айыл чарба продукциябызды албайт. Алар дээрлик эч нерсе албайт. Бирок ошол эле маалда бизге жылына миллиондогон машиналарды жөнөтүшөт. Мындан ары андай болбойт, бул адилеттүү жана өз ара тең болушу керек",- деди АКШ президенти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: