super.kg logo

Бүгүн Таиланд менен Камбоджа тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрөт  

 

Таиланд менен Камбоджа өткөн жумада тутанган кагылышууга чекит коюу максатында бүгүн, 28-июлда Малайзияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Чыр 24-июлда чек арада башталгандан бери, кеминде 33 аскер жана жай тургун каза болуп, Таиланд менен Камбоджанын миңдеген жарандары өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.

Ишемби күнү АКШнын президенти Дональд Трамп эки өлкөнүн лидерлерине телефон чалып, ок атууну дароо токтотууга чакырды. Ал эми жекшемби күнү Таиланд сүйлөшүүлөргө милдетин убактылуу аткарып жаткан премьер-министр Пхумтам Вечаячай башында турган делегация катышарын билдирди.

Таиланд өкмөтү Малайзия аларга Камбоджанын премьер-министри Хум Манет да сүйлөшүүлөргө катышарын ырастаганын маалымдады.

Камбоджа ок атууну токтотууну буга чейин эле сунуштаган. Анын куралдуу күчтөрү таиланддык армияга салыштырмалуу алсызыраак болуп, артиллериялык аткылоолор жана аба соккуларынын натыйжасында техникасын жоготууда.

"Камбоджа эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы дароо жана шартсыз ок атууну токтотуу сунушуна макул",- деди Камбоджанын премьер-министри Хум Манет телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин. Ал Трамптын ортомчулугу көптөгөн аскерлердин жана карапайым жарандардын өмүрүн сактап калууга жардам берерин кошумчалады.

Өз кезегинде Таиланд ок атууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Пхумтам Вечаячай Трампка тынчсыздануусу үчүн ыраазычылык билдирип, Таиланд ок атууну токтотууга негизинен макул экенин айтты. "Бирок Таиланд Камбоджанын чын ыкласын көргүсү келет",- деп жазылат Таиланддын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Дональд Трамп Камбоджа жана Таиланд менен соода сүйлөшүүлөрүн кайра жандандырууга үмүт артарын билдирип, бирок согуштук аракеттер токтобой туруп сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатка ылайык эместигин айтты.

Трамп бир жумадан кийин Камбоджа жана Таиланддан келчү товарларга 36 пайыздык бажы салыгын киргизмек. Эгер жаңы келишим 1-августка чейин түзүлбөсө, бул өлкөлөрдөн товар импорттогон америкалык компаниялар 36 пайыздык салык төлөөгө милдеттүү болушат.

Трамп бул кагылышууга кандайча аралашып калганы түшүнүксүз, анткени бир күн мурун Таиланддын тышкы иштер министри Марис Сангиампонгса: "Бизге азырынча үчүнчү өлкөнүн ортомчулугу керек деп ойлобойм",- деп билдирген.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим буга чейин Таиланд менен Камбоджанын ортосунда сүйлөшүүлөргө көмөктөшүүнү сунуштаган.

Таиланд менен Камбоджа бири-бирин согуштук аракеттерди баштады деп айыпташууда. Таиланддын айтымында, кагылышуулар камбоджалык аскерлер чек арага жакын жерде таиланддык аскерлерди байкоо үчүн дрон колдонгондон кийин башталган. Камбоджа болсо, таиланддык аскерлер мурун жетишилген келишимди бузуп, кхмер-индуисттик храмга жакындап киргенин айтууда.

Таиланд менен Камбоджа 100 жылдан ашык убакыттан бери Прэахвихеа жана Та Моан Тхом деген храм комплексинин аймагына ээлик кылуу укугу боюнча талашып келе жатышат.

Эки өлкө ортосундагы чек ара негизинен XIX кылымдын экинчи жарымында Камбоджа Франциянын көзөмөлүнө алынган кезде аныкталган.

1962-жылы БУУнун Эл аралык соту Прэахвихеа храмы Камбоджага таандык деп чечим чыгарган. Бирок талаштуу аймактагы чек ара жаңжалдары ошондон бери токтобой келет. 2008-жылы Пномпень XI кылымга таандык бул храмды ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүгө аракет кылган.

Бул аракет чырды күчөтүп, кийинки жылдары болгон кагылышууларда эки тараптан жети адам (аскер жана жай тургундар) каза болгон. Акыркы айларда чыңалуу кайра күчөгөн. 2025-жылдын май айында камбоджалык жоокер чек арадагы кагылышууда каза тапкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: