Грецияда ысык аба ырайынан улам токойлор өрттөнүүдө
Грецияда бир эле учурда беш ири токой өрттөнүп, бийлик катуу жабыркаган аймактагы тургундарды эвакуациялоодо. Өлкө өрт менен күрөшүү үчүн Евробиримдиктен жардам сурап кайрылды.
Афиндер жайгашкан Аттика аймагында чыккан өрт тез арада Дросопиги, Крионери жана Агиос Стефанос аймактарына таралып, тургундар башка жакка көчүүгө мажбур болушту.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн маалыматына караганда, негизги өрт көзөмөлгө алынган, бирок айрым очоктор өчүрүлө элек. Аймакта 200дөн ашуун өрт өчүрүүчү иштеп жатат.
Эвия аралында бийлик Писсона жактагы экинчи өрт көзөмөлдөн чыгып, Афрат багытына тез жайылып жатканын кабарлады. Жалын электр мамыларын жана өткөрүү линияларын күйгүзүп, бир нече айылдар электр жарыгысыз калды.
Китира аралында үчүнчү токой өртү аралдын чоң бөлүгүн каптап, бир нече калктуу пункттар эвакуацияланды. Жээк коопсуздугу жеке кайыктар менен 139 кишини Лимнионас пляжынан алып чыгып, Капсали портуна жайгаштырды.
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, бир нече аймактар азырынча коркунучта турат. Анын ичинде Ионик аралдары, Батыш Греция, Пелопоннес, Борбордук Греция, Аттика, Эпир, Батыш жана Чыгыш Македония жана Фракия, Фессалия, Родос жана Крит аймактары бар.
Буга чейин июнь айында Эгей деңизинин түндүк бөлүгүндө жайгашкан Грециянын бешинчи чоң аралы Хиостогу өрт 4700 гектар жерди жок кылган.
