Польша Орусиянын аба кыймылынан улам асманга согуштук учактарды көтөрдү
Польшанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын Украинадагы активдүүлүгүнө байланыштуу поляк жана союздаш өлкөлөрдүн аскердик учактары нөөмөттө турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Польшанын жана союздаштардын нөөмөттөгү учактары абадан коргонууну күчөтүп, радиолокациялык чалгындоо системдерин жогорку даярдыкка келтирилди",- деп белгиленген маалыматта.
Акыркы убакта Польша мындай билдирүүлөрдү үзгүлтүксүз жасап келет. Адатта, бул иш-аракеттер Украинада аба чабуулу боюнча эскертүү жарыяланышы менен дал келет.
NaTemat маалымат порталы, буга чейин Польшанын аскердик учактардын үзгүлтүксүз учуулары польшалык салык төлөөчүлөр үчүн абдан кымбатка түшүп жаткандыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.