super.kg logo

Жүк ташуучу унаа эки унааны сүзүп, 3 жаран каза болду 

 

Орусиядагы Москва районунда М-5 "Урал" унаа жолунун 59-чакырымында жүк ташуучу унаа эки жеңил унааны сүзүп, үч жаран каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, "Лада" унаасы бузулуп, ичинде бир аял жана 9 жаштагы кызы бара жаткан. "Лексус" унаасындагы эркек киши жардам берүү үчүн токтоп, унаадан түшкөн. Ошол маалда жүк ташуучу унаа аларды сүзүп кеткен. Бир секундда Skania жүк ташуучу унаасынын 47 жаштагы айдоочусу жол жээгинде токтоп турган эки унааны сүзүп алган.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалган. Москва облусунун милициясы билдиргендей, ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (Байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кошумча жагдайлар жана кырсыктын так себептери такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: