super.kg logo

Улуу Британиянын өкмөтү Газа маселеси боюнча чукул чогулат

 

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер бул жумада өкмөт мүчөлөрүн чукул жыйынга чакыра турганы кабарланды. Жайкы эс алууда жүргөн министрлер 1-сентябрга чейин тыныгууда болушса да, Газа тилкесиндеги оор кырдаалды талкуулоо үчүн кайра чогулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, премьер-министрге Палестина мамлекетин таанууга чакырган басымдар күчөп жаткан шартта бул маселени талкуулоо өзгөчө мааниге ээ. Өкмөт буга жооп катары Жакынкы Чыгыштагы кризисти чечүү боюнча жаңы кадамдарды иштеп чыгат.

Стармер бүгүн Шотландияда АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуп, анда да Газанын маселеси күн тартибине коюлары күтүлүүдө.

Газа тилкесинде учурда оор гуманитардык абал өкүм сүрүүдө. Израилдин катуу чабуулдары жана аймакты курчоосу аймакка жардам жеткирүүгө олуттуу тоскоол болуп жатат. Жергиликтүү маалыматтарга караганда, аймакта суу, дары-дармек, медициналык жабдуулар жана гигиеналык каражаттар жетишсиз. Өзгөчө балдар арасында ачарчылыктан улам өлүм учурлары көбөйдү. Бүгүнкү күндө Газа тилкесинде ачкачылыктан каза болгон палестиналыктардын саны 133 кишиге жеткени кабарланды.

Кырдаал начарлагандыгына байланыштуу Бириккен Араб Эмираттары менен Иордания Газага аба аркылуу гуманитардык жардам жөнөтө башташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: