super.kg logo

Ким Чен Ындын карындашы: "Сеул менен сүйлөшө турган эч нерсе жок"

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон Корея Элдик Демократиялык Республикасы (КЭДР) менен Түштүк Корея сүйлөшө турган эч кандай маселеси жок экенин билдирди. Бул тууралуу Кореянын борбордук телеграф агенттиги маалымдады.

"Түштүк Кореяда кайсы гана саясатчылар бийликке келбесин, кандай гана сунуштар болбосун булар бизди кызыктырбайт. Бизде Сеул менен сүйлөшө турган эч нерсе жок",- деди ал.

Ким Ё Чжондун айтымында, Түштүк Корея КЭДРге карата душмандык саясатты улантууда. Жакында Түштүк Корея АКШ менен биргеликте Түндүк Кореянын чек арасында аскердик машыгууларды өткөрүшөт.

Ошол эле учурда, жакында The Korea Times басылмасы Түштүк Кореянын бийлиги Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды 31-октябрдан 1-ноябрга чейин Сеулда өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык (АТЭС) саммитине чакырышы мүмкүн экенин жазды. Басылманын маалыматына караганда, мындай чакыруу эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну жумшартууга өбөлгө болушу мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Корея жарым аралын бириктирүү мүмкүн экенин жана улуттук биримдикти сактоо маанилүү экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: