"Крокустагы" теракт: Шектүүлөр Түркияда окутулганы айтылды
"Вилаят Хорасан" террордук уюмунун мүчөлөрү, анын ичинде "Крокус Сити Холл" концерттик залына кол салгандар Түркияда окуудан өтүшкөн. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
"2023-жылдын 1-июнунан 2024-жылдын 22-мартына чейин Файзов М.З. террордук уюмдун мүчөлөрү менен жетекчилиги ортосундагы аракеттерди координациялоо жана Түркияда окуучулардын жашоосу үчүн уюштуруучу катары дайындалган. Түркияда жүрүп, ал Пакистан жана Ооганстан аймагында теракт уюштуруучулар менен аткаруучулардын жолугушуусун уюштурган",- деп айтылат маалыматта.
Ошол эле мезгилде Түркияда "Крокус" терактынын аткаруучулары Шамсидин Фаридуни, Саидакрами Рачабализода, Далерджон Мирзоев жана уюштуруучунун кичүү агасы Мухаммадсобир Файзов окутулуп, ок атуучу куралдарды колдонуу көндүмдөрүн алышкан.
Белгилей кетсек, былтыр, 2024-жылы 22-мартта Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон. Кийинчерээк терактка шектүү 27 адамга айып тагылган.
