Билим берүү министрлиги мектептерде диний иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды
Билим берүү министрлиги мектептерде диний иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында көрсөтүлгөн. Маалыматка ылайык, акыркы жылдарды диний агымдардын иш-чараларды өткөрүп, ар кандай китепчелердин акысыз таратылып жатканы белгилүү болгон. Бишкек жана Ош шаарларынын билим берүү башкармалыгынын жетекчилерине жана бул тармактагы райондук өкүлдөргө мамлекеттик саясаттын принциптерин аткаруу боюнча так көрсөтмө берилген. Министрлик КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык тыюу салуу чечимин чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

