UNRWA: Израилдин Газага аба аркылуу жардам ташуу планы ачарчылыкты токтото албайт
Бириккен улуттар уюмунун Жакынкы чыгыштагы Палестиналык качкындарга жардам берүү жана өнүктүрүү агенттиги (UNRWA) Израилдин Газа тилкесине жер аркылуу көп сандагы жардам киргизүүнүн ордуна аба аркылуу жардам ташуу чечимин сынга алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Газага жүздөгөн жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө ала турганда, эмне үчүн жардамды абадан таштоого аргасыз болобуз?",- деп суроо койду уюм өзүнүн X баракчасында.
Мекеменин билдирүүсүндө белгиленгендей, аба аркылуу азык-түлүк ташуу Газадагы тереңдеп бараткан ачарчылыкты токтотууга жетиштүү болбойт. Израил тараптан уруксат берилсе, 6 миң жүк ташуучу унаага барабар гуманитардык жардам Газага жөнөтүүгө даяр турат.
"Жер аркылуу жардам жеткирүү - кыйла оңой, эффективдүү, ылдам жана арзан",- деди UNRWAнын коммуникациялар боюнча директору Жульетт Тоума New York Times гезитине берген маегинде.
Уюм Израилди Газага киргизилген курчоону токтотууга, бардык чек араларды ачууга жана жардамга муктаж адамдарга коопсуз, ар-намыстуу жетүү шарттарын түзүүгө чакырды.
