Трамп эмес... АКШда 2028-жылдагы президенттик шайлоодо республикачылардан ким талапкер болушу мүмкүн?
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Fox News телеканалына берген маегинде 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоодо "Республикалык" партиянын талапкери вице-президент Жей Ди Вэнс болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, учурдагы вице-президент өз кызматын мыкты аткарып жатат жана эгер өзү кааласа, президенттикке ылайыктуу талапкер болуп бере алат.
"Менимче, Жей Ди Вэнс мыкты талапкер болмок. Эгер бул чечимди өзү кабыл алса",- деди Рубио.
Ошондой эле ал Вэнс менен жакын достор экенин белгилеп өттү.
Буга чейин, 2024-жылдын май айында президент Дональд Трамп дагы Жей Ди Вэнстин келечектеги мамлекет башчысына айланышы мүмкүн экенин айткан.
Ошол эле учурда Трамп үчүнчү мөөнөткө кайрадан шайлоого катышуусу мүмкүн экенин четке каккан эмес, бирок мындай кадам өлкөдөгү демократиялык принциптерге доо кетириши мүмкүн экенин моюнуна алган. Кийинчерээк ал президенттик кызматка үчүнчү ирет талапкерлигин коюу ниети жок экенин билдирген болчу.
