super.kg logo

Ысык-Көлдө 3 жашар бала жоголуп, милиция таап берди 

 
Кечээ, 27-июлда, Ысык-Көл облусунун "Алтын-Кум" эс алуу жайында эс алып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургундары үч жашар баласын жоготуп алышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ата-энеси өз алдынча издеп көрүшкөндөн кийин, ошол аймакта кызмат өтөп жаткан туристтик милицияга кайрылышкан. Туристтик милициянын кызматкерлери окуяны дароо көзөмөлгө алып, пляж жана жакынкы аймактарды издөөгө киришкен. Эки саатка созулган ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында, милиция кызматкерлери жоголгон бөбөктү аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп беришти.
Баланын атасы Жалал-Абад облусунун тургуну, туристтик милицияга ыраазычылык билдирип, ошондой эле ички иштер министри Улан Ниязбековго терең ыраазычылыгын айтты.
"Биз абдан коркуп калдык, бирок туристтик милиция дароо жардамга келип, профессионалдуулук менен балабызды таап берди. Мындай кызматтын бар экени кубандырат",- деди баланын атасы.
Ысык-Көл ОИИБинин туристтик-экологиялык милиция кызматы туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу жана мындай кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу максатында жайкы сезондо күнү-түнү иш алып барып жатканын эскертет.





3 жашар бала

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: