super.kg logo

Кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын кулагына операция жасалды

 

Мурдагы күйөөсү тарабынан кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын кулагына операция жасалды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

"Бүгүн менде бакыттын көз жашы болуп жатат. Менин дарыгерим Кыргызстандан келе жатып, сөйкө ала келишимди айткан. Бирок мен алган эмесмин. Оюмда сөйкө такпай, кулагымды чачым менен жаап, бекитип жүрөм деп ойлогом. Бирок кулагым мен ойлогондон да сонун болду",-деп жазды ал.

Буга чейин Ногойбаева социалдык баракчасына сүрөт жүктөп, учурдагы абалы боюнча билдирүү тараткан.

Эске салсак, 2023-жылы 20-сентябрда Бишкектин четиндеги Селекция айылында 36 жаштагы Асел Ногойбаеваны мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактап, келин ооруканага түшкөн. Милиция мурдагы аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Былтыр 26-январда Чүйдүн Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду коюлган 11 айыптын ичинен 10 айып боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: