super.kg logo

Унаанын бир тарабы талкаланып... Балыкчынын мурунку мэри жол кырсыгына кабылганын билдирди (видео)

 

Балыкчы шаарынын мурдагы мэри Султан Кермалиев жол кырсыгына кабылды. Ал жаштарды катуу ылдамдыкта унаа айдабоого чакырып, талкаланган BMW үлгүсүндөгү унаасын көрсөттү.

Мурдагы мэр Instagram баракчасына андан мурдараак унаасын саатына 240 чакырым ылдамдыкта жарышып айдап бара жатканын көрсөткөн. Кийинчерээк талкаланган унаасынын видеосун киргизип, кырсыкка кабылганын билдирди. Ошондой эле унаада жалгыз болгонун белгилеп, 30 миң долларды жок кылганын жазган.

Эске салсак, Кермалиев июль айынын башында Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалган. Ал кызматка киришкенден кийин жергиликтүү басылмалардын бирине берген маеги коомчулукта талкуу жараткан. Анда көпчүлүк анын мамлекеттик кызматкердин этикасын бузганын белгилешкен. Буга удаа президент Садыр Жапаров Кермалиев тууралуу пикирин билдирген.

Көп өтпөй Балыкчы шаарынын мэри жана мэриянын кызматкерлери үчүн мамлекеттик кызматтын ишин жакшыртуу, кызматтык этика жана коммуникация маселелери боюнча кеңешме өткөрүлгөнү да маалымдалган.

14-июлда Керималиев кызматтан алынышы мүмкүн экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген, көп өтпөй ал кызматынан бошотулган.

Кермалиев күн мурун президенттен кечирим сурап жаткан.






Балыкчынын мурунку мэри жол кырсыгына кабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: