Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен макарон продукциясын чыгарууда алдыңкы үчтүккө кирди
2025-жылдын январь айында КМШ өлкөлөрүндө жалпы 138 000 тонна макарон өнүмү өндүрүлдү. Анын ичинен Кыргызстанда 3 200 тоннага жакыны өндүрүлүп, бул көрсөткүч боюнча өлкө Орусия менен Казакстандан кийинки 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-сентябрь айларынын ичинде Кыргызстандын макарон экспортунун көлөмү 5,8 миллион доллардан ашты. Негизги сатып алуучу - Өзбекстан. Ал жакка дээрлик 1 200 тонна жөнөтүлүп, экспорт 53 пайызга өстү.
2023-жылдын тогуз айында Кыргызстандан жалпы 3 087,4 тонна макарон экспорттолуп, көлөмү 495,7 миллион сомду түздү. Негизги экспорт багыттары Казакстан - 1 652,7 тонна (241,8 миллион сом), Орусия - 1 328,9 тонна (231,9 миллион сом) ошондой эле Беларус жана Арменияга экспортолгон.
