super.kg logo

Казакстандын түштүк-батышындагы айылдарда сел жүрдү (видео)

 

Кечээ, 27-июлда Казакстандын Маңгыстау облусунун Шетпе айылында катуу жааган жамгырдан кийин жолдор менен короолорду суу каптады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.

Катуу жааган жамгырдын кесепеттерин жоюу үчүн жол тейлөө кызматкерлери жөнөтүлдү. "Казавтожол" улуттук компаниясынын облустук филиалы билдиргендей, трассалардын абалын ыкчам текшерүү үчүн жол оңдоо кызматынын эки патрулдук унаасы жөнөтүлгөн.

Маалым болгондой, айрым турак үйлөр жана короолорду суу каптаган. Жок дегенде 15 киши суу сордуруу боюнча жардам сурап, өзгөчө кырдаалдар кызматына кайрылган.

Райондун өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери короолорду кыдырып, жаратылыш кырсыгынан улам пайда болгон чыгымдарды эсептеп жатышат.

Буга чейин интернетте жамгырдан кийинки абалды көрсөткөн көптөгөн видеолор пайда болгон. Видеолордо айылдагы жолдор менен короолорду суу каптаганы көрүнөт.






Казакстан

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: