super.kg logo

Сирияда Асад режими кулатылгандан кийинки алгачкы шайлоо өткөрүлөт

 

Сирияда 15-сентябрден 20-сентябрга чейин Жогорку Эл өкүлдөр жыйынына кезексиз шайлоо өтөт. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик маалымат агенттиги шайлоо комиссиясынын төрагасы Мохаммад Таха аль-Ахмадга шилтеме берип кабарлады.

Буга чейин өлкөдө өтүүчү президенттик шайлоолор боюнча пландар жарыяланган. Аны Ахмед аш-Шараа, башкача айтканда, Мохаммад аль-Жулани сунуштаган. Сирия шайлоо комиссиясынын башчысы билдиргендей, аш-Шараа кол койгон жарлык жарыяланган соң үч жуманын ичинде өлкөдө шайлоо органдары түзүлө баштайт. Андан кийин президенттикке талапкерлер өз арыздарын тапшырып, дебаттарга катыша алышат.

Жарыяланган планга ылайык, Сириянын Эл кеңеши 210 мүчөдөн турушу керек. Анын үчтөн экиси (140 депутат) жарандар тарабынан шайланат, калган 70 мүчөнү президент дайындайт. Өткөөл мезгилде парламентке жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу жана өлкөнүн туруктуу Конституциясын даярдоого катышуу милдети жүктөлөт.

Быйыл март айында аш-Шараа өткөөл мезгилди жөнгө салуучу Конституциялык декларацияга кол койгон. Анда убактылуу парламенттин ыйгарым укуктары үч жылга созулары белгиленген, андан кийин жаңы шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн. Ошондой эле Эл кеңешине президентти кызматтан алуу же анын ыйгарым укуктарын чектөө укугу берилет. Бирок баштапкы этапта аткаруу бийлиги мамлекет башчысынын колунда болот.

Буга чейин Башар Асаддын башкаруусунда өткөн парламенттик шайлоолор массалык мыйзам бузуулар менен коштолуп келген жана ар дайым учурдагы президенттин партиясы жеңип чыккан. Бул шайлоолорду Сирия оппозициясы жана бир катар Батыш өлкөлөрү тааныган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: