Бишкекте Аскердик-деңиз флотунун күнү белгиленди






Бишкектеги Улуттук тарых музейинде СССР Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда калаа мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чараны "Кыргыз Республикасынын деңиз флотунун моряктарынын биримдиги" коомдук бирикмеси уюштурду. Иш-чарага флоттун ардагерлери, коомдук уюмдардын жана бийлик өкүлдөрү катышты.
Биринчи Май райондук администрациясынын атынан аппарат жетекчиси Бейшеке уулу Адилет сөз сүйлөп, моряктарды куттуктап, жаштарды патриоттукка тарбиялоого жана деңиз салттарын сактоого кошкон салымы үчүн бирикменин активдүү мүчөлөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды.
Балтика флотунун морягы Адыл Есеналиевге өзгөчө токтолуп, бирикменин иш-чараларына активдүү катышкандыгы жана шаардын өнүгүшүнө кошкон жеке салымы үчүн баалуу саат менен сыйлады.
