super.kg logo

Көк бөрү жамааты маркум улакчынын үйүн бүтүрүп беришти (видео)

 

Көк бөрү жамааты демилге кылган маркум көк бөрүчү Мирлан Сраждиновдун үйүн бүтүрүү иши аяктады. Бул тууралуу улакчы Кыяз Ниязов билдирди.

"Кайгылуу окуядан кийин келип, фундаментин көрүп ичибиз ачышып кетти эле. Балдары жаш экен, үйүн бүтүрө албай кетиптир деп ойлогонбуз. Бирок үйүн бүтүрүп беребиз деп ниет кылып койдук эле. Артында калган балдарына, бир туугандарына узун өмүр берсин, ушул үйдө тойлор болсун деп ниет кылып кетип жатабыз. Салым кошкон бардык кыргыз элиме рахмат",- деп айтты Ниязов.

Үй толугу менен бүтүп, жакындары демилгечи жигиттерге жана жалпы демилгени колдогон инсандарга ыраазычылык билдиришти.

Эске салсак, Нооруз кубогунун алкагында өтүп жаткан мелдеште 12-мартта "Бөрүлү" менен "Бүркүт" командалары беттешинде улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. "Бөрүлү" командасынын капитаны Мирлан Сраждинов оюн учурунда катуу соккудан улам эс-учун жоготуп, ооруканага жетпей каза тапкан.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, атаандаш команданын оюнчусу менен оюн учурунда калыстык кылган судья кармалган.

Мирлан Сраждиновдун сөөгү 14-мартта Сокулук районунун Төш-Булак айылында жерге берилген.

13-14-март күндөрү Көк бөрү федерациясында аза күтүү күнү деп жарыяланып, оюндар 15-мартта уланары айтылган. Бирок Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көк бөрү боюнча Нооруз-2025 республикалык турнири өткөрүлбөй турганын билдирген.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: