Үйүндө жалгыз калган үч жашар кыз куткарылды
SHOT маалымдагандай, Краснодар облусунун «Дыхание» турак жай комплексинин тургундары бир нече күн катары менен 13-кабаттагы батирден катуу ый менен кыйкырыктарды угушкан. Башында алар буга анчейин маани беришкен эмес, кийин жардамга келүү керектигин түшүнүшкөн. Кошуналар кызды батирдин кире беришинде отурганын көрүшкөн.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, күн сайын эртең менен наристенин апасы кызына бир банка мөмө-жемиш пюресин гана таштап кетип турган.
Кечке маал апасы үйүнө кайтып келген, аны кошуналар күтүп жатышкан. Аял аларга "мындай нерсе кайталанбайт" деп убада берген, бирок эртеси эле окуя кайталанган. Жыйынтыгында батирге полиция кызматкерлери жана камкордукка алуу кызматкерлери чакырылып, алар кызды жугуштуу оорулар бөлүмүнө алып кетишкен.
3 жашар кыз
