super.kg logo

Францияда музейге келген адам 6 миллиондук бананды жеп койду

 

Францияда музейге келген адам скотч менен дубалга жабыштырылган бананды жеп койду. Бул Маурицио Каттеландын "Комедиант" аттуу 6,2 миллион долларлык эмгеги болчу.

Анын айтымында, турист бананды жөнөкөй жемиш деп ойлоп алып, жеп алганын айткан. Бирок бул "эмгектин" баасын укканда таң калган.

Окуя болгондон кийин музей кызматкерлери бананды жаңысына алмаштырышкан. Маалым болгондой, банан дайыма белгиленген протокол боюнча жаңыртылып турган.

Бул окуя эмгектин бүтүндүгүнө "эч кандай зыян алып келген эмес".

"Комедиант" аттуу эмгек 2019-жылы Майамиде биринчи жолу көрсөтүлгөндө эле талаш-тартыш жараткан. Ал үч нускада жасалган. Ал тургай ошол эле жылы башка бир сүрөтчү да бананды жеп салып, анын баасына нааразычылыгын билдирген. Ал убакта эмгек 120 миң долларга бааланган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: