super.kg logo

Бангкокто базарда болгон куралдуу кол салуудан кеминде 6 адам каза тапты

 

Таиланддын борбору Бангкокто бүгүн эртең менен Or To Ko аттуу айыл чарба продукциялары жана улуттук азыктар сатылган базарда куралдуу кол салуу болуп, кеминде 6 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Полиция жетекчисинин орун басары Чарин Гопаттанын айтымында, кол салган киши андан кийин өз жанын кыйган.

Эраван шашылыш медициналык борбору кабарлагандай, каза болгондордун арасында төрт коопсуздук кызматкери жана бир аял бар.

Азырынча кол салуунун себеби жана шектүүнүн өздүгү расмий жарыялана элек. Жабыркагандар тууралуу маалымат берилген жок. Базарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: