super.kg logo

Индонезия президентинин мышыгы "мамлекеттик мүлк" катары жеке күзөткө алынды

 

Индонезия президентинин мышыгы "мамлекеттик мүлк" катары жеке күзөткө алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Бобби Кертанегара - 2017-жылы Жакартадагы сарайдын жанынан табылган көчө мышыгы. Эми ал расмий түрдө мамлекет тарабынан корголот. Индонезиянын аткаминерлери маалымдашкандай, ал президенттин менчиги болгондуктан, туруктуу коргоого укуктуу.

Индонезияда 12-июлда өткөн "Мышыктар күнү" парадында Бобби падышаларга төшөлүүчү кызыл килемде, полиция кызматкерлери менен коштолуп басып өттү. Бул окуя тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Айрым индонезиялыктар жөнөкөй эле мышыкка мындай көңүл бурулуп жатканына нааразы болушса, башкалар мышыкка суктануу менен карап, аны "мышыктардын падышасы" деп аташууда.

Социалдык тармактардагы кайчы пикирлерге Индонезиянын мамлекеттик катчысынын орун басары жооп берип, мамлекет президентти эле эмес, анын мүлкүн да коргоого милдеттүү экенин белгиледи. Ал эми мышык учурдагы президент Прабово Субиантонун мүлкү болуп саналат.

Бобби мышык бул окуяга чейин эле белгилүү болгон. Анын Instagram социалдык тармагында 591 миңден ашуун катталуучусу бар. Ал жактагы сүрөттөрдүн биринде Microsoft компаниясынын башчысы Билл Гейтс ага оюнчук берип жаткан учуру тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: