super.kg logo

Ирандын түрмөсүндө Кыргызстандын жараны бар экени айтылды

 

Ирандын түрмөсүндө учурда экономикалык кылмышка айыпталган Кыргызстандын жараны кармалып турат. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Анда адам укуктарын коргоо маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн улуттук укук коргоо институттарынын ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жамиля Жаманбаева элчини Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү, мекеменин эл аралык байланыштары жана институттун аймактык жана эл аралык укук коргоо уюмдары менен кызматташтыгы тууралуу маалымдады.

Элчи Ирандын түрмөсүндө учурда экономикалык кылмышка айыпталган Кыргызстандын жараны кармалып турганын билдирди. Ал эми Кыргызстанда соттолгон Ирандын жараны жакында жазасын андан ары өтөө үчүн мекенине экстрадицияланганын белгиледи.

"Биздин өлкөлөрдүн ортосунда укуктук жана соттук тармакта кызматташууну жургүзүү үчүн бир катар макулдашуулар бар. Эки өлкөнүн Ички иштер министрликтеринин ортосундагы келишим жакында күчүнө кирди. Ал мекемелерге түздөн-түз өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Бул документтер укуктук талаадагы кызматташтыгыбыздын негизи болуп саналат",- деп белгиледи элчи.

Мындан тышкары, Голам Хоссейн Ядегари акыйкатчыга Кыргызстанда жакында кармалган Ирандын төрт жаранынын укуктарын камсыздоого көмөктөшүүнү өтүндү. Анын айтымында, алардын экөө экономикалык кылмышка байланыштуу иш боюнча күбө катары суракка чакырылып, кармалган. Дагы эки ирандык Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалоо) боюнча шектелүүдө.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Тергөө абагында кармалган Иран жарандарынын кармоо шарттарына жана ден соолугуна мониторинг жүргүзөрү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: