super.kg logo

Дагестанда чегиртке массалык түрдө көбөйдү

 

Интернетте Дагестандын Кизляр шаарына жакын федералдык трассада чегирткелер каптаганы тартылган видео пайда болду.

Жергиликтүү бийлик республика боюнча 33 миң гектар талаа чегирткеге каршы дарыланганын, бирок аларга каршы күрөштө жаратылышты коргоо аймактарындагы тыюу салуу тоскоол болуп жатканын билдирди.

"Бул чаралар федералдык экологиялык мыйзамдардын талаптары менен аныкталат", - деп билдирди аймактык айыл чарба кызматы.

Уюмдун адистери азиялык чегирткелердин Түндүк Каспийдин чектеш аймактарынан келүү мүмкүндүгүн жокко чыгарышкан жок.

Коңшу аймактардын жетүүгө кыйын корголуучу аймактары да чегирткенин курчоосунда калуу коркунучу бар. Ошол эле учурда башкармалыктан кооптуу зыянкечтерге каршы күрөшүү боюнча пландалган иш-чаралар улантылып жатканын билдирди.






28.07

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: