super.kg logo

Кыргызстанда кылмыш жасап чет өлкөгө качкандар өлкөгө экстрадицияланышы күтүлүүдө

 

Түркияда, Италияда жана Арменияда Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 25-июлда адам өлтүрүүгө шектелип изделип жаткан жаран, 1990-жылы туулган А.Ш. Түркиядан кармалды. Ал 2014-жылдын февралында Ош-Бишкек унаа жолунда шериктери менен бирге М.У. аттуу жаранга ок атып, ал каза болгон. Кылмыш болгондон кийин жогоруда кармалган жаран 11 жыл бою чет өлкөдө жашынып жүрүп, кармалды.

Ал эми 26-майда Италиянын Нуоро провинциясында оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жаран, 1985-жылы туулган А.К. кармалды. Ал 2017-жылдын 23-апрелинде Токмок шаарында шериктери менен бирге жарандан материалдык баалуулуктарын опузалап, жабырлануучунун денесине залал келтирген.

Ошондой эле Армениядан 2005-жылы туулган Ш.И. кармалган. Ал Каракол шаарынын аймагында баңгизаттарды таратуу үчүн Telegram-канал түзүп, ошондой эле шаардын көчөлөрүнө үгүт жазуулары камтылган жарнактарды жайгаштырган.

Кармалгандардын баары тиешелүү өлкөлөрдүн тергөө абактарына киргизилген. Азыркы учурда Кыргызстанга экстрадициялоо каралууда.

Ички иштер министрлиги мындан ары да сот адилеттигинен качкан адамдарды кайда жүрбөсүн аныктоо жана кармоо үчүн эл аралык издөө жана өз ара аракеттенүү механизмдерин жигердүү колдоно тургандыгын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: