Хуситтер Израил менен кызматташкан компаниялардын кемелерине кол салышы мүмкүн
Йемендеги Кызыл деңиз жээги менен түндүк аймактарын көзөмөлдөгөн хуситтердин аскердик-саясий кыймылы Израилдин порттору менен кызматташкан бардык компаниялардын кемелерине кол салууга даяр экенин жарыялады. Хуситтердин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Яхья Сариа билдиргендей, эгер компаниялар Израилдин порттору менен кызматташууну токтотпосо, алардын кемелери желеги же багытына карабастан бутага алынат.
Сарианын айтымында, бул – Израилге деңиз аркылуу кысым көрсөтүүнүн "төртүнчү этабынын" бир бөлүгү. Мурун хуситтер Палестинаны колдой турганын билдирип, өлкөлөрдү Израил менен байланышкан кемелерден экипаждарын чакыртып алууну эскерткен.
Ушундай коркутууларга карабастан, кыймыл эл аралык деңиз жүрүшүнө тоскоол болбой турганын жана башка мамлекеттердин кемелерине кол салбай турганын белгилөөдө. Бирок кырдаал курчугандан кийин айрым компаниялар Кызыл деңиз аркылуу жүк ташууларын убактылуу токтоткон.
