super.kg logo

Караколдо 660 метр жолду 24 миллиондон ашык суммага сапатсыз курган жетекчилер кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын негизги көчөлөрүн капиталдык оңдоодо мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, шаардагы Муниципалдык жол чарба ишканасынын экс-директору Д.Э. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып 2023-жылдын августунда "Г-У" ЖЧКсынын жетекчиси Г.Ш. менен 24 миллион 500 миң сомго келишим түзгөн. Анын негизинде Жакыпов көчөсүнүн 660 метрине капиталдык ремонт жүргүзүшкөн. Бирок аталган участоктогу оңдоо иштери сапатсыз материалдарды колдонуу менен жүргүзүлүп, ошондой эле 3 миллион 62 миң сомго жумуштун көлөмүн жогорулатуу менен аткарылып, жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилди.

Натыйжада ишкананын мурдагы директору Д.Э. жана курулуш ишканасынын жетекчиси Г.Ш. кармалып, 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: