Байсалов баштаган делегация Пакистанда иш сапары менен жүрөт





Пакистандын Исламабад шаарында соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча Кыргызстан-Пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз делегациясын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеп барды. Ал Пакистандын энергетика министри Сардар Авайс Ахмад Хан Легари менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.
Өкмөттөр аралык комиссиянын иши тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин катышуусунда кеңейтилген курамда улантылды. Соода-экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, биргелешкен энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм жана маалымат технологиялары боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды.
Жыйындын соңунда төмөндөгү документтерге кол коюлду:
- Өкмөттөр аралык комиссиянын 5-жыйынынын протоколу;
- Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик менен Пакистандын инвестициялык кеңешинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Халал индустриясын өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемеси менен Пакистандын Халал агенттигинин ортосундагы халал соодасы боюнча меморандум;
- Экономика жана коммерция министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борбору менен Пакистандын Стандарттар жана сапатты көзөмөлдөө органынын (PSQCA) ортосундагы стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум.

