super.kg logo

ChatGPT менен болгон баарлашуу коопсузбу? OpenAI жооп берди

 

OpenAI компаниясынын башкы директору Сэм Альтман ChatGPT менен болгон сүйлөшүүлөр купуя маалымат катары корголбойт жана сот процесстеринде далил катары колдонулушу мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Business Insider басылмасы жазды.

Альтмандын айтымында, ChatGPT менен болгон маектер терапевт, дарыгер же юрист менен болгон сүйлөшүүлөр сыяктуу мыйзам боюнча купуя катары эсептелбейт.

"Эгер сиз ChatGPT менен жашооңуздагы эң жеке сырларыңызды бөлүшүп, кийин сот иши башталып калса, бизден бул маалыматты берүү талап кылышы мүмкүн. Менимче, бул абдан туура эмес",- деди Сэм Альтман.

Ал чат тарыхынын купуялуулугун жөнгө салуучу жаңы мыйзамдар зарыл экенин белгилеп, бул маселени чукул чечүү керектигин кошумчалады. Ошол эле учурда бул кантип иштеши керектиги тууралуу азырынча так механизм жоктугун да ачык айтты.

"Мурун муну ойлогон эч ким болгон эмес, бирок азыр бул чоң көйгөйгө айланды. Эми: "Бул жааттагы мыйзамдарды кантип жөнгө салабыз?" деген суроо жаралууда",- деди OpenAI жетекчиси.

Мындан тышкары, OpenAI компаниясы чаттарды карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экени, бул мүмкүнчүлүк жасалма интеллектти жакшыртуу жана саясатка каршы аракеттерди көзөмөлдөө максатында колдонулары айтылат.

Аны менен бирге, колдонуучу өзү өчүргөн чаттар (акысыз, Plus жана Pro эсептерде) мыйзам же коопсуздук талаптары аларды сактап турууну милдеттендирбесе, 30 күндүн ичинде өчүрүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин OpenAI ChatGPT билим берүү максатына басым жасай баштаганын, эми окуучуларга көчүрүп жазууга эмес, өз алдынча ой жүгүртүүгө үйрөтүүгө багытталганын жарыялаган. Компания азыр "Бирге окуйбуз" (Study Together) деп аталган жаңы функцияны сынап жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: