Илон Масктын Эпштейнге байланыштуу окуяларга тиешеси бар экени айтылууда
Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Масктын жана анын бир тууганы Кимбал Масктын ысымдары финансист Жеффри Эпштейнге байланыштуу иштин документтеринде кездешет. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.
Буга чейин Илон Маск АКШ президенти Дональд Трампты Эпштейнге байланыштуу бардык документтерди жарыялоого чакырган.
"Илон Маск Трамп менен кайым айтышып кеткенден кийин X платформасына аны Эпштейнге байланыштуу документтерди жашырып жатат деп жазган. Бирок Илон да, анын иниси да ал документтердин ичинде бар", деп жазылат маалыматта.
Басылма Эпштейндин ишине байланыштуу кеминде беш миллион документ бар экенин маалымдады.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
