Эки хакердик топ "Аэрофлотко" болгон кибер чабуулдун жоопкерчилигин өзүнө алды
Бүгүн, 28-июлда "Silent Crow" жана "Cyberpartisans BY" хакердик топтору узак мөөнөттүү жана масштабдуу операция жүргүзүшкөнүн билдирип, анын натыйжасында "Аэрофлоттун" ички IT инфраструктурасы жок кылынганын жарыялашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Silent Crow" хакерлер тобу бир жыл бою "Аэрофлоттун" ички корпоративдик тармагына кире алганын жарыялады. Алардын айтымында, чабуул 7000ге жакын физикалык, виртуалдык да серверди иштен чыгарган.
Чабуулчулар учуу тарыхы бар маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бардык негизги корпоративдик системдерди бузушкан, кызматкерлердин жеке компьютерлерин, анын ичинде компаниянын башкаруу түзүлүштөрүн көзөмөлгө алышкан.
Алардын эсеби боюнча, уурдалган маалыматтардын жалпы көлөмү 12 терабайт. "Silent Crow" хакердик тобу Telegram'дагы баракчасынан бардык ресурстар жок кылынганын, кайра калыбына келтирүү үчүн он миллиондон ашык доллар талап кылынышы мүмкүн экендигин билдирди.
"Аэрофлот" эртең менен маалыматтык системинде катачылык болгонун кабарлап, бирок көйгөйдү чечүүнүн себептерин жана мөөнөттөрүн тактаган эмес. Окуядан кийин авиакомпания Шереметьевого учуучу жана андан кайтуучу 42 каттамды токтотуп, аэропортто жүргүнчүлөрдүн кезеги пайда болгон. Москванын прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.
