29-июлга карата аба ырайы
Эртең, 29-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт. Бишкек жана Ош шаарларында, Баткен, Талас облустарынын аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +18.. +23, күндүз +30 ... +35;
Талас жергесинде түнкүсүн +13.. +18, күндүз +28... +33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20... +25, күндүз +31... +36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +13... +18, күндүз +26 ... +31
Нарында түнкүсүн +12... +17, күндүз +26... +31
Бишкек шаары түнкүсүн +20... +22, күндүз +32... +34 градус болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.