Воронежде эки адамдын ортосунда чыр чыгып, өлүм менен аяктады
Орусиянын Воронеж облусунда түнү мушташ чыгып, 41 жаштагы жаран бычакталып каза болду. Бул тууралуу Орусиянын тергөө комитетинин облус боюнча басма сөз кызматынан билдирди.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, күндүзү Россош шаарынын Пролетарская көчөсүнөн 41 жаштагы жергиликтүү тургундун жансыз денеси табылган. Анда зордук-зомбулуктун белгилери болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, түн ичинде эки адамдын ортосунда чыр чыгып, ал мушташка чейин жеткен. Алардын бири атаандашынын бутуна бычак сайып, качып кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.
«Бул факты боюнча кылмыш иши козголду», - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, кылмышка шектелип, мурда соттолгон 28 жаштагы Воронеж облусунун Кантемировка жумушчу конушунун тургуну кармалган. Сурактан кийин тергөөчү шектүүнү камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.
