“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы автобус айдоочуларын жумушка чакырат. Бул тууралуу шаардык мэрия жарыя таратты.

Ага ылайык, төмөнкү адистиктер боюнча бош орундар бар:

  • IT бөлүмүнө адис – 1 орун
  • Атайын техника айдоочусу (категориялар: D, E, C) – 4 орун
  • Күзөтчүлөр – 8 орун
  • Оңдоочулар (ремонтчулар) – 10 орун
  • Короо тазалоочу – 1 орун
  • Автобус айдоочулары – 500 орун

Кенен маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге байланышса болот: 0770 25 93 39